Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Шайлоо-2017: Идентификацияда 9,5 миң оператор иштейт


Быйыл күзүндө өтө турган президенттик шайлоодо шайлоочуларды идентификациялай турган 9,5 миң оператор иштейт. Мамлекеттик катто кызматынын 25 тренери Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана Шайлоо системалары боюнча эл аралык фонддун көмөгү менен атайын окуудан өтүштү. Эми алар аймактарга барып, 500 техникалык адисти жана 186 тренерди окутушат. Бул тууралуу Мамкаттоо кызматынан кабарлашты.

Адистер шайлоочулардын биометрикалык каттоосун текшерип, добуш берүүсүн техникалык жактан камсыздоого милдеттүү. Ошону менен катар электрондук жабдыктар иштебей калган учурда кандай чара көрүү керектигин үйрөнөт.

Шайлоочуларды идентификациялоо системасынын иши тесттик режимде жалпы республика боюнча сентябрь айында текшерилет.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG