Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Текебаев менен Чотоновдун сотунда жарыш сөз уланат


Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөн Чотоновдун соту уланат.

Кечээ жарыш сөзгө чыккан Текебаев буга чейин сотто көрсөтмө берген күбөлөрдүн айткандарына кенен токтолуп, өзү да түшүндүрмө берди. Мындан кийин жарыш сөзгө адвокаттар чыгат.

Беш айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев менен Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жаранынан 1 млн доллар пара алган деп айыпталууда. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Ишти козгогон Башкы прокуратура аны саясат менен байланыштыруу туура эмес деп айткан.

Мамлекеттик айыптоочу соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп сураган. (RK)

XS
SM
MD
LG