Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Орусия Кыргызстандан ташылып барган жаңгак жана сарымсакты өткөрбөй койду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусия Кыргызстандан ташылып барган айыл чарба продукциясын чек арадан өткөрбөй койгону маалымдалууда.

“Россельхознадзор” мекемесинин Оренбург облусу боюнча башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, «Сагарчин» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын жерде автоунаа менен ташылып бараткан 3 тонна жаңгак жана 19 тонна сарымсак кармалган.

Алардын фитосанитардык сертификаты талапка жооп бербей турганы кабарланды.

Казакстан аркылуу өтүп барган автоунаадагы бул продукцияны Ижевск жана Краснодар шаарларынын базарында сатуу пландалып жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG