Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

“Таза шайлоо” кыймылы түзүлүүдө


Кыргызстанда “Таза шайлоо” кыймылын түзүү сунушталууда. Жарандык активисттерден турган демилгелүү топ бүгүн Бишкекте жыйын куруп, уюштуруу иштерин талкуулаганы жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна уюштуруучулардын бири Назгүл Эшеналиева кабарлады:

- Ушундай кыймыл уюштуруп, шайлоо участокторун көзөмөлгө алалы, талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын башын бириктирип, баарын көзөмөлгө алып, активдүүрөөк бололу деген максатты көздөп жатабыз.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендердин саны алгач 60ка чамалаган болчу.

Учурда алардын жарымынан көбү кыргыз тилинен тест тапшырып бүттү. Айрымдары бул тесттен өтпөй калды, кээ бирлери түрдүү себептерден улам жарыштан четтетилди. (RK)

XS
SM
MD
LG