Украина эч убакта Түндүк Кореяга ракеталык технология жөнөтпөгөнүн билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн Коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Александр Турчинов айтты.
«Биз муну Түндүк Кореядагы ядролук жана ракеталык программаларын жаап-жашыруу аракетин көрүп жаткан орусиялык атайын кызматтын антиукраиналык өнөктүгү деп эсептейбиз», - деп билдирди ал.
The New York Times басылмасы кечээ эксперттердин сөзүн мисал келтирип, Пхеньян, балким, ракеталык кыймылдаткычтарды украиналык заводдон алгандыр деп жазып чыккан болчу.
Алар Түндүк Корея июль айында учурган континент аралык эки баллистикалык ракетанын кыймылдаткычы Днепр шаарындагы ракеталык заводдон чыккан болушу ыктымал деген пикирин айтышкан.
Макалада «Южмаш» деп аталган бул мамлекеттик ишкана Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн аймактан алыс эмес жерде жайгашканы жазылган. (RK)