Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Канжар Кадыралиевдин соту уланат


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн Канжар Кадыралиевге карата козголгон кылмыш иш боюнча соттук териштирүү уланат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаттары кабарлашты.

2014-жылы Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш кодексинин “бейбаштык”, “опузалоо” жана “өзүмбилемдик” беренелери боюнча иш козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Учурда ал өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен жүрөт. Анын тарапкерлери кылмыш иш негизсиз козголгонун айтып келатат.

Кадыралиевге иш козголушуна куралдуу карактоого кабылды деген өзгөндүк жеке ишкер Сактан Келдибаевдин туугандарынын, андан кийин өзүнүн айылдашы Абдимитал Бекташевдин арыздары негиз болгон.

Жабыркаган тарап сот Ошто өтүшү керек деп эсептеп Жогорку Сотко кайрылган, бирок аталган соттук инстанция алардын бул өтүнүчүн четке какты. Иш Октябрь райондук сотунда каралат. (RK)

XS
SM
MD
LG