Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:15

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланып жатат.

Сотто Текебаев жарыш сөзгө чыгып, прокуратура таккан айыптар тууралуу өз пикирин айтууда. Ал прокуратуранын өзүн Москвага Маматкеримов менен чогуу учкан деп айткандарын четке кагып, аны менен бир учакта барганын кийин билгенин айтты.

Жараянда ишти карап жаткан судья менен Текебаевдин ортосунда кайым айтышуу орун алды. Камактагы депутат судьяны калыс болууга чакырды. Ошондой эле тергөө Маевский менен өзүнүн телефондон сүйлөшкөнүн далилдей албаганын, айыптар ойдон чыгарылганын белгиледи.

Текебаевдин жарыш сөзү төрт күндөн бери уланууда. Мындан кийин жарыш сөзгө адвокаттар чыгат.

26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталууда. Бул акча Чотоновдун айылдаш таанышы, кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аркылуу алынганы тергөөдө айтылган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп сураган. (NT/UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG