Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

Аскер кызматкери киши өлтүрүүгө шектелип жатат


6-августтан бери дайыны билинбей изделип жаткан Ош шаарынын 25 жаштагы тургуну Алишер Тажибаевдин сөөгү 11-августта Ноокат районунда табылды. Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, экспертизада анын күч колдонуу менен өлтүрүлгөнү аныкталган. Окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча иш козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө Тажибаевге таандык Лексус-IS 200 үлгүсүндөгү автоунаа Бишкек шаарынан табылган.

Кылмышка шектелип эки адам кармалган. Алар Балыкчы шаарынын 22 жаштагы, Талас районунун 21 жаштагы тургундары.

Маалыматка караганда, шектүүлөр быйыл 29-июлда Балыкчы шаарынан Ош шаарына келип, акча жоктугунан автоунаа уурдоону макулдашканын милицияга айтып беришкен. Ош шаарынын Анар кичи районунда жолдун жээгинде токтоп турган Лексус-IS 200 машинесинин айдоочусу менен Араван районуна жеткирүүнү макулдашып, бирок жолдо аны муунтуп, автоунааны Бишкекке айдап келишкен.

Шектүүлөрдүн бири тууганынан автоунааны сатып берүүнү сурап,ал макул болбой кетип калганда башкалаадагы тери заводдун жанындагы бактын ичине токтотуп кетип калышканын, 12-августта кайра Ош шаарына барганын билдиришкен. Учурда тергөө уланууда. Шектүүлөрдүн бири Ош шаарындагы аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жатканы, экинчиси аны менен мурда чогуу жоокерде болгону ачыкка чыкты.

XS
SM
MD
LG