Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Роухани: Иран өзөктүк келишимден бир нече саатта чыгып кете алат


Президент Хассан Роухани парламент сессиясына келген учур. Тегеран, 15-август, 2017-жыл.
Президент Хассан Роухани парламент сессиясына келген учур. Тегеран, 15-август, 2017-жыл.

Президент Хасан Роухани бул тууралуу бүгүн парламентте сүйлөгөн учурунда айтты.

Ал белгилегендей, эгер Кошмо Штаттар “санкциялар жана мажбурлоо” саясатын уланта берсе, Иран дүйнө державалары менен түзгөн өзөктүк келишимден “саналуу сааттын” ичинде эле баш тарта алат.

Роухани ошондой эле президент Дональд Трамптын администрациясы 2015-жылкы келишимди бузарын айтып, коркутуу менен дүйнөгө “жакшы өнөктөш эместигин” көргөздү деди.

Президент Трамп ушул айдын башында эле Иран өзөктүк келишимдин “маңызын” сактабай жатканын белгилеп, документтин өзүн “жаман макулдашуу” деп сыпаттаган болчу.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ Тегеран келишимдин шарттарын сактап жатат деген тыянакка келгени менен АКШ лидерлери Иранды өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү баллистикалык ракеталарын сыноо менен келишимдин “маңызын бузуп жатканы” үчүн утур-утур айыптап келишет.

Вашингтон Тегерандын ракеталык сыноолоруна жооп чара катары бир нече айлампа менен санкцияларды киргизди.

Иран болсо ракета сыноолор келишимди бузган жок жана коргонуу гана максатында деп мүнөздөйт.

2015-жылы Тегеран дүйнөнүн алты ири державасы менен түзгөн макулдашууга ылайык, ал өзөктүк ишмердигин кыскартып, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. (UE)

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG