Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Кыргызстандык спортчулар Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадага катышат


Кытай Тайбэйинин Тайбэй шаарында өтө турган XXIX Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадага Кыргызстандан жети спортчу катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка караганда спортчулар таэквондо WTF, жеңил атлетика жана дзюдо боюнча мелдештерде күч сынашат. Аларды коштоп төрт машыктыруучу барат. АБеш спортчу жана үч машыктыруучу мамлекеттин эсебинен жөнөтүлсө, эки спортчу жана бир машыктыруучу өз чөнтөгүнөн каражат төлөп барат.

Спортчулардын мелдештерге катышуусу үчүн мамлекет тарабынан жалпысынан 1 миллион 222 миң сом сарпталат. Жеңил атлетикадан Азиянын эки жолку чемпиону, XXVIII жайкы универсиаданын коло байгесинин ээси Дарья Маслова (10 000 м.), Мусулман Жоламанов (800 м, 1500 м), дзюдочулар Баяман Сагымбай уулу (-60 кг), Кристина Нежникова (+78 кг), Өмүрбек Маткеримов – дзюдо (-66 кг.), Адилет Ганиев (- 73 кг.), таэквондочу Марат Ниязов (-58 кг.) даярданууда.

XXIX жайкы Универсиада 19-августтан 30-августка чейин өтөт. Мелдештер спорттун 21 түрү боюнча өтүп, ага 18 жаштан 28 жашка чейинки спортчулар катышат. (ECh)

XS
SM
MD
LG