Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:43

Орусия Крымдан украин офицерин кармаганын жарыялады


Керч кысыгында Крымды Орусиянын калган бөлүгү менен туташтыруучу көпүрөнүн курулушу. 28-июль, 2017-жыл.

Федералдык коопсуздук кызматы – ФСБнын 15-августта билдиришинче, украин армиясынын чалгынчы офицери Крымда саботаж жасоону пландаган.

ФСБ украин офицери 12-августта Крымда электр энергиясынын берилишин үзгүлтүккө учуратууга аракеттенип жаткан кезде кармалганын, анда жардыруучу заттар болгонун кошумчалады.

Украин тарап бул кабарга азырынча жооп кайтара элек. Аталган жарыядан бир күн мурда эле украин соту эки украин жаранын терроризм боюнча айыптардын негизинде узак мөөнөткө түрмөгө камаган болчу.

Адам укугун коргоочу активисттер Крымдын 2014-жылдагы аннексиясынан бери Орусия бир нече украиналыкты саясий жүйөнүн негизинде абакка салганына көңүл бурушат.

Быйыл март айында Европарламент Орусияны Крымда жана Украинанын Москва колдогон чыгыш аймактарындагы эркиндиги чектелген 30дан ашуун украин жаранын бошотууга чакырган. (UE)

XS
SM
MD
LG