Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Көк бөрүчүлөр Астанадагы дүйнө чемпиондугунда күч сынашат


Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы. 14-август, 2017-жыл. Бишкек.
Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы. 14-август, 2017-жыл. Бишкек.

14-августта Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпиондугуна жөнөп кетишти.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан билдиришкендей, командага 12 спортчу кирген.

ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында көкпар боюнча дүйнө чемпиондугу Казакстандын Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында 20-августтан 28-августка чейин болот. Оюндарды Түрк элдеринин салттуу спорттук оюндар бирлиги уюштурууда. Ага 12 команда: Өзбекстан, Кыргызстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Орусия, Венгрия, Кытай, Ооганстан жана Казакстан командалары катышып, эки тайпага бөлүнүп ойношот. Кыргызстан "А" тобуна Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан жана Монголия командалары менен мөөрөй талашат.

Оюндар казактардын көкпар эрежеси боюнча өтөт. Көк бөрүдөн негизги айырмачылык улак тайказанга эмес, диаметри үч метрди түзгөн тегерек чийиндин ортосуна салынат. Оюнчулар улактын ордуна атайын жасалган кепти (муляж) тартышат.

Эл аралык мелдешке команданын капитаны Жолдошбек Орозбаев «Арбат» деген аты менен,

Тынчтык Кабылбеков – «Торпедо»,

Карыпбек Эшиев – «Эрке тору»,

Бактияр Жабагиев – «Шумкар»,

Урмат Раушан уулу – «Ахилес»,

Сейтбек Анарбек уулу – «Алтын-Каз»,

Кубаныч Султан уулу – «Атаман»,

Рустам Тыналиев – «Комбат»,

Нуржан Мелисбек уулу («Ынтымак») – «Бойка»,

Таштемир Замирбек уулу – «Алай»,

Нурманбет Койчукеев – «Туман»,

Аскат Батырбек уулу – «Токмок» деген күлүктөрү менен катышат. (ECh)

XS
SM
MD
LG