Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Сүлүктүдө бир кишини шахта басып калды


Сүлүктүдөгү көмүр шахтасы. (Архив).
Сүлүктүдөгү көмүр шахтасы. (Архив).

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, окуя 12-августта болгон. Сүлүктү шаарындагы жабык турган “Ак жол” жоопкерчилиги чектелген коомунун көмүр кенинде эч кимден уруксатсыз, өз алдынча көмүр казган 37 жаштагы Сапарбек Салямовду шахта басып каза тапты. Маалыматка караганда, Салямов мурда да бул шахтада өз алдынча казуу иштерин жүргүзгөн учурда кен ураган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев окуя болгон жерге барып, анын жабылганына карабай, эч кандай эскертүү белгилери коюлбаганы жана элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөнү үчүн жергиликтүү бийликти сындады.

Сүлүктү шаарында 31 кен казган ишкана бар.

Быйыл жыл башынан бери шаар аймагындагы көмүр кендеринде ар кандай кырсыктардан тогуз адамдын өмүрү кыйылды. (JsA)

XS
SM
MD
LG