Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, 14-августта Бишкек шаарынын 49 жаштагы тургуну ИИМдин криминалдык кызматына барып, 12-августта Тамчы айылында өз аялын өлтүрүп алганын айтып берген.
Шектүү Ысык-Көлгө дем алыш күндөрү жубайы менен эс алганы барып, 12-августта мас абалында келинчеги менен уруша кетип, муунтуп салганы белгилүү болгон. 36 жаштагы келиндин сөөгү Тамчы айылындагы менчик коттедждердин биринен чыгарылган.
Окуя боюнча Ысык-Көл райондук милициясы Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайда. Тергөө жүрүп жатат. (AsM)