Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Текебаев менен Чотоновдун соту 16-августта уланат


Оппозициячыл саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот отурумунда. 11.8.17.
Оппозициячыл саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот отурумунда. 11.8.17.

Кыргызстандагы оппозициячыл партия болгон "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту шаршембиде, 16-августта улантылат. Мындай чечимди Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда ишти карап жаткан судья Айбек Эрнис уулу шейшембиде саат кечки тогуздарга жакын кабыл алды. Сот жараянын бул күнү токтотуу өтүнүчүн жарыш сөзүн сүйлөп жаткан Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова киргизип, үйдө он айлык баласы ыйлап жатканын айтты.

Ага чейин кан басымы көтөрүлүп, "Тез жардам" чакыртылган Текебаев чарчаганын айтып, дары ичүү үчүн аны тергөө абагына койо берүүнү соттон суранган. Адвокаттар да жумуш маалы аяктагандыктан, сот отурумун шаршембиде улантуу өтүнүчүн келтиришкен. Бирок судья алардын өтүнүчүн четке кагып, сот жараяны кечки саат 10го чейин уланарын билдирген болчу.

15-августтагы сот жараянында адвокаттардын жарыш сөзү уланды. Айыпталуучулардын адвокаттарынын бири Искен Афиджанов жарыш сөзүн аяктаса, андан кийин Чынара Жакупбекова сүйлөдү.

26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталууда. Бул акча Чотоновдун айылдаш таанышы, кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аркылуу алынганы тергөөдө айтылган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп баалап, өздөрүнүн актыгын баса айтып келет. Кыргызстандык оппозиция өкүлдөрү да Текебаевди толук актоону талап кылышууда.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, алардын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп өкүм чыгарууну сураган.

Ө.Текебаев быйыл 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары каттоо үчүн БШКга кайрылган, бирок БШК анын мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүсүнө шарт түзүүдөн 10-августта баш тартты. Бишкектеги райондор аралык сот БШКнын чечимин күчүндө калтырды. Текебаевдин адвокаттары бул маселе боюнча соттук треиштирүүнү улантаарын билдиришүүдө. (UEz)

XS
SM
MD
LG