Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Нарында "Нукура фест" өтөт


Нарын шаары 149 жылдыгын жана туристтик сезондун жабылышын белгилөөдө. Бүгүн мына ушул эки себептен улам шаарда «Нукура фест – Тоо койнундагы шаардын каада-салттары» фестивалы өтөт.

Максат – кыргызстандыктарды жана чет элдик туристтерди аймакка тартуу, маданият жана каада-салттар менен тааныштыруу. Баланы бешикке бөлөө, тушоо кесүү ырым-жырымдары көрсөтүлүп, кийизден жасалган кол өнөрчүлүк буюмдары, улуттук тамак-аш коюлган көргөзмөлөр да уюштурулат.

Каалоочулар үчүн «Таш Рабат», «Кошой Коргон» сыяктуу тарыхый жайларга экскурсиялар болот. Уюштуруучулар «Нукура Фестти» мындан ары жыл сайын өткөрүп турууну пландап жатышат. (MiK/RK)

XS
SM
MD
LG