Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:01

Жасалма бөйрөк кызматын көрсөтүү тендерин германиялык компания жеңди.

Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекеттик жана менчик негизде бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүү боюнча тендер жарыялап, эл аралык сынактын негизинде германиялык «Fresenius Medical Care» компаниясы жеңгенин аталган министрлик "Азаттыкка" кабарлады.

Гемодиализ боюнча бул долбоор өлкөнүн саламаттык секторундагы мамлекеттик жана менчик биргелешкен биринчи кызматташтыгы болмокчу.

Анын негизинде бөйрөк жетишсиздигинен жабыркагандардын 75 пайызы эми заманбап гемодиализ менен камсыз болушат.

Азыркы тапта миңден ашуун адам мамлекеттик акысыз гемодиализде кезек күтүүдө. (BCh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG