Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

Түрмө доктурлары кургак учукту дарылоонун жаңы ыкмаларын үйрөнүүдө


Жаза аткаруу кызматынын 12 дарыгери кургак учукту дарылоонун жаңы ыкмалары менен таанышууда. Бул күндөрү алар үчүн Бишкекте атайын тренинг өтүп жатат.

Эл аралык Кызыл чырым комитетинин Латвиядан жана Азербайжандан келген тренерлери кургак учук илдетин аныктоонун заманбап ыкмалары, жаңы дары-дармектер тууралуу маалымат берүүдө.

Кыргызстандын абактарында быйыл жыл аягынан тарта кургак учуктун катардагы дарынын күчү жетпеген түрлөрүнө каршы дары-дармектер колдонула баштаганы жатат.

Укук коргоочулардын айтымында, жабык жайларда атайын шарттын жоктугу бул илдеттин жайылышына түрткү болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG