Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

АКШ: Иранга ядролук куралга ээ болуу мүмкүнчүлүгү берилбеши керек


Никки Хейли
Никки Хейли

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы атайын өкүлү Никки Хейли Иранга ядролук куралга ээ болууга мүмкүнчүлүк берилбеши керек деп эсептейт.

Буга чейин Иран президенти Хасан Роухани эгерде АКШ жаңы санкцияларды киргизе турган болсо анын өлкөсү ядролук программа боюнча макулдашуудан чыгарын жарыялаган.

"Иранга бул макулдашууну бүткүл дүйнө жүзүн барымтада кармап туруу үчүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилбеши керек” деди Хейли.

Кийинки аптада ал Венада МАГАТЭ уюмунун кеңсесинде болуп, бул маселени талкуулаганы жатат. Хейли жаңы санкциялар ядролук макулдашууга эч тиешеси жок экенин айтууда. RK

XS
SM
MD
LG