Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Йеменде холерадан эки миңдей адам көз жумду


Апрель айынан тарта Йеменде күч алган холера дартынан эки миңге чукул адам көз жумганын Дүйнөлүк саламаттык уюму маалымдайт. Жалпысынан бул өлкөдө холерага чалдыккандардын саны жарым миллион адамдан ашты. Кир суудан жуккан оору барган сайын көбөйүүдө.

Йемендеги ички кагылышуулардан улам таза суусуз калгандардын саны миллиондоп саналат. Азыркы тапта 30 миң медициналык кызматкер эпидемия менен күрөшүүдө. Бирок алар маянасын бир жылдан бери ала элек.

15 миллионго чукул йемендик жаран холераны жуктуруу коркунучу менен жашоодо дейт ДСУ. (BCh)

XS
SM
MD
LG