Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:12

Текебаев менен Чотоновдун соту уланат

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланат.

Кечээ күнкү сот отуруму саат кечки тогуздарга чейин уланып, адвокаттар жарыш сөзүн улантты.

26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев менен Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталууда. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп баалап, өздөрүнүн актыгын айтып келет.

Кыргызстандык оппозиция өкүлдөрү да Текебаевди толук актоону талап кылууда.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, алардын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп өкүм чыгарууну сураган. (RK)

XS
SM
MD
LG