Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Кубат Оторбаев: Митингдерге тыюу салуу мыйзамсыз кадам болуп калды


Кубат Оторбаев
Кубат Оторбаев

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынышын мыйзамсыз деп эсептейт. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Акыйкатчы белгилегендей, бул Конституциядагы эң негизги укуктарды бузуу болуп эсептелет:

- Албетте, бул туура эмес кадам. Мурдагы бийликтердин кадамдарын эске салат. Сөз эркиндиги менен катар жыйындар эркиндиги адамдын негизги фундаменталдуу укуктарынын бири болуп эсептелет.

Бишкектин адатта түрдүү саясий акциялар өтүүчү жерлеринде митинг-пикеттерди уюштурууга тыюу салынган.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 27-июлдан 20-октябрга чейин Ала-Тоо аянтында, Ак үй, Өкмөт үйү жана Боршайкомдун алдында расмий маданий-массалык иш-чаралардан башка акцияларды, жыйындарды өткөрүүгө уруксат жок.

Буга Биринчи Май райондук акимчилигинин сотко кайрылуусу негиз болгону айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG