Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош жолунун 200-чакырымында 15-августта 20 тонналык күйүүчү май ташыган ДАФ үлгүсүндөгү автоунаа оодарылып кеткен.
Андагы мазут жол жээгине жана Суусамыр суусуна төгүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, машинедеги эки кишинин бири жабыркап, Кара-Балта шаардык ооруканасына жиберилген. Айдоочу жаракат алган эмес.
Жергиликтүү бийликке мазуттун сууга төгүлгөнү боюнча эскертүү берүү сунушу айтылган.