Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:09

Хэйли: Иран дүйнөнү барымтага алууда


АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хэйли Иран "дүйнөнү барымтага алууга" аракеттенүүдө деп сындады. Бир нече күн мурун Тегеран Вашингтон улам жаңы санкция киргизүүдө деп 2015-жылы түзүлгөн ядролук келишимден чыгышы мүмкүндүгүн эскерткен. Иран президенти Хасан Роухани ошондой эле америкалык мамлекет башчы жаңы санкцияларга кол коюу менен “жакшы шерик эместигин” көргөздү деген.

Роухани Иран атомдук программасын чектеген шарттарды аткарууну бир нече саатта токтотушу ыктымал деп эскерткен. Хэйли жаңы жазалоочу чаралардын ядролук макулдашууга тиешеси жоктугун белгилеп, Тегеран “ракета сыноолору, терроризмди колдоо, адам укуктарын бузуу жана Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын аткарбоо иштери үчүн жооп бериши керек” деди.

Мындан эки жыл мурун жетишилген келишим боюнча Иран атомдук программасын чектейт, ал үчүн өлкөгө каршы киргизилген эл аралык санкциялар жеңилдетилет деп сүйлөшүлгөн.

XS
SM
MD
LG