Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Дүйшөнкул Чотонов сотто акыркы сөзүн сүйлөдү


Оппозициячыл саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот отурумунда. 11.8.17.
Оппозициячыл саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот отурумунда. 11.8.17.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралууда. Бүгүн адвокаттардын жарыш сөзү аяктады. Сотто Чотоновго акыркы сөз берилди. Ал кыска сүйлөп, сотко кайрылып бул чечим менен тарыхта каларын айтты, акыйкат чечим чыгарууга чакырды.

Өмүрбек Текебаевге соттогу акыркы сөз түштөн кийин берилет. Айыпталуучулардын акыркы сөзүнөн кийин өкүм угузулары күтүлүп жатат.

26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Бул акча Чотоновдун айылдаш таанышы, кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аркылуу алынганы тергөөдө айтылган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп сураган. (NT/UEz)

XS
SM
MD
LG