Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Трамп Виржиниядагы окуя үчүн кайрадан "эки тарапты" айыптады


АКШ президенти Доналд Трамп Виржиниядагы кагылышуу үчүн “эки тарапты” тең айыптады. Шейшембиде Нью-Йорктогу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент “эки топ союлдар менен мушташып жатышты”, көп жагдайлар белгисиз деди. Ишембиде ал Шарлоттсвиллдеги адам өлүмү менен коштолгон окуя үчүн "бир нече тарап" күнөөлүү деген. Трамптын мындай билдирүүсү демократтар гана эмес өз партиялаштарынын сынына кабылгандан кийин дүйшөмбү күнү президент неонацист топторду түздөн-түз айыптаган.

12-августта Виржиниядагы Шарлотсвилл шаарчасында ак расанын үстөмдүгүн жактагандар, неонацисттер менен ку-клукс кландын мүчөлөрү жүрүшкө чыгышкан. Солчул активисттер аларга тоскоол кылууга аракеттенгенде ортодо кагылышуу тутанган. Жеңил машина чогулгандарды сүзүп бир аял каза тапты. Андан тышкары полициячылардын тик учагы кулаганда эки киши набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG