Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:34

"Баламды мектепке кабыл алып койуңуз!" акциясы башталды


Кыргызстандагы мектептердин бири.
Кыргызстандагы мектептердин бири.

Жалпы республикалык акцияны "Балдар укугун коргоочулар лигасы" коомдук фонду Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурган. Иш-чара жыл сайын өтүп келет. Ушуну менен тогузунчу ирет уюштурулууда.

Коомдук фонддун билдиришинче, бул мезгил аралыгында үч миңден ашык ата-энеге балдарын мектепке орноштуруу боюнча укуктук кеңештер жана жардам берилген. Акциянын максаты балдардын мектепке кирип, билим алышына көмөктөшүүгө багытталган. Эгерде мектепке кабыл алуу үчүн сертификат, "Мектепке даярдык" курсунан өткөнү тууралуу маалым кат, кирүү төлөмүн төлөө суралып жана башка талаптар айтылса ата-энелер аталган фондго кайрылса болот.

Кыргызстанда Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарларда жеткинчектерди мектепке киргизүүдө кыйынчылыктар бар. Айрыкча бул шаарларда бала бакчалар да жетишпейт. (NT)

XS
SM
MD
LG