Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Чимкентте аскерлердин өлүмү боюнча сот өтүүдө


Казакстандын Чимкент шаарында жоокерлердин машыгуу учурундагы өлүмү боюнча офицер соттолуп жатат. Быйыл 17-февралда Жамбыл облусунун Көксай капчыгайында кар көчкөндө пландуу даярдыктан өтүп жаткан 23 аскердин 15и кар астында калган. Сегизи куткарылып, жетөө каза болгон. Алардын өлүмү үчүн аскердик бөлүктүн штаб башчысы майор Бахыт Шойбеков айыпталууда.

"Кызматтык шалаакылык" айыбы тагылган офицер күнөөнү мойнуна алганы кабарланууда. Ал күнү командирдин кызматын убактылуу аткарып жаткандыктан машыгууну толугу менен көзөмөлдөй албаганын айтты. Прокурор аскерлер капчыгайга чыгаарда тоолордо аба ырайы кескин начарлары эскертилген деди.

Сот уланууда.

XS
SM
MD
LG