Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

БШК президенттикке экинчи талапкерди каттады


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, алдыдагы президенттик шайлоодо ат салышуу ниетин билдирип арыз берген парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов бүгүн талапкер катары катталды.

Бабанов мамлекеттик тил боюнча сынак берип андан өткөн, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төккөн жана талап кылынган 30 миңден ашык кишинин колу коюлган тизмени тапшырган.

Буга чейин "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев талапкер болуп катталган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG