Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Ооганстанда массалык көрүстөндөр табылды


Сары Пул чөлкөмүндөгү көрүстөн
Сары Пул чөлкөмүндөгү көрүстөн

Ооган полициясы Сары Пул чөлкөмүндө кеминде 36 киши көмүлгөн массалык эки көрүстөндүн табылганын билдирди. Жакында ал жердеги Мирзаваланг айылына согушкерлер чабуул коюшкан эле. Провинция губернаторунун маалымат катчысы Забихулла Амани маркумдар жалаң эркектер, арасында үч өспүрүм бар деди.

Анын айтымында, үчүнчү көрүстөн Талибандын көзөмөлүндөгү аймакта жайгашкан. Бардыгы болуп Мирзавалангдагы чабуулдан бери дегенде 62 бейкүнөө киши ажал тапканы бышыкталган. Ооганстандын көз карандысыз Укук коргоо комиссиясы алдын ала иликтөөгө таянып адатта касташкан Талибан менен "Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлери биргелешип кол салышкан деп билдирди. Бирок талиптер чабуулду өз алдынча коюшканын, жайкын тургундарды өлтүрүшпөгөнүн айтышууда.

"Ислам мамлекети" тобунун жоочулары болсо 14-августта жасаган билдирүүдө 54 шийи мусулманды жок кылышканын айтышкан.

XS
SM
MD
LG