Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:02

БУУнун Косоводогу өкүлү бул өлкө туңгуюкка кептелгенин билдирди


Бириккен Улуттар Уюмунун Косоводогу миссиясынын башчысы Захир Танин өлкө парламенти шайланып келгенине эки ай болсо да өкмөттү курай албай, маанилүү экономикалык жана социалдык мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жиберди деп билдирди.

Анын айтымында, каржылык жардам жана инвестицияларды алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана албай калып бул өлкө азыр туңгуюкка кептелип турат.

14-августта Косово парламенти спикер шайлай албай койгон.

Демократиялык партия жетектеген коалиция 11-июндагы шайлоодо 35% добушка ээ болгон. Спикер боло турган талапкер 120 орундуу парламенттеги кеминде 61 депутаттын добушун алышы керек. (RK)

XS
SM
MD
LG