Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Шайлоо-2017: Талапкер болом дегендердин саны кыскарууда


Президенттик кызматка ат салышам дегендердин саны 59дан 50 адамга кыскарды. Алардын айрымдары тил сынагынан өтпөй калса, кээ бирлери өз каалоосу менен арыз жазып чыгып кетти, ал эми айрымдары түрдүү себептерден улам жарыштан четтетилди.

Бүгүнкү күнгө карата талапкер болуп расмий катталгандар экөө. Алар “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев жана “Республика” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов.

Каттоо процесси 10-сентябрда аяктайт. Шайлоо 15-октябрда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG