Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

Иранда оппозициячыл саясатчы Мехди Карруби ачкачылык жарыялады


Мехди Карруби
Мехди Карруби

Иранда алты жылдан бери үй камагында жаткан оппозициячыл саясатчы Мехди Карруби ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын жакындары билдирди. Уулу Мохаммад Таги Каррубинин айтымында, 79 жаштагы диниятчы аны үйдөн чыгарбай камап отуруунун ордуна адилет сот жүргүзүүнү талап кылууда.

Учурда ал жүрөктүн дарысын гана ичип, тамак-аштан баш тартууда.

Кезинде парламенттин спикери болгон Карруби жана анын жубайы расмий айып тагылбаса да 2011-жылдан бери үй камагында. Диниятчы буга чейин бир нече жолуооруканага жатып чыккан.

Бийлик Каррубини исламдын жана революциянын принциптерине шек келтирген деп күнөөлөп келет. Ал 2009-жылдагы талаштуу президенттик шайлоо жана өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча бийлик өкүлдөрүн кескин сындап келген.

Эл аралык укук коргоо уюмдары бир нече жолу оппозициячыл саясатчыны бошотууга чакырышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG