Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке расмий сапары пландалууда. Бул тууралуу кечээ Бишкекте кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү маалында белгилүү болду.
Өкмөт аралык жыйынга катышуу үчүн Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекке иш сапар менен келген. Акыркы тогуз жылдан бери алгач ирет өткөн өкмөт аралык жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгын жакшыртуу макулдашылды.
Абдулла Арипов кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолукту.
Кечээ өткөн жыйындын негизги жыйынтыктарынын бири болуп тараптар ортодогу мамлекеттик чек аранын такталган 1170 чакырым бөлүгүн бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол койгону болуп калды.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бул келишимди тарыхый окуя деп атап, чек араны тактоо боюнча иштер уланарын кошумчалады.
Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым аралыкты түзөт. Анын ичинен 320 чакырым талаштуу экени айтылып келген. (BkA/RK)