Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

"Ысык-Көл 2017" экономикалык форуму болот


Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана экспорт агенттиги билдиргендей, "Ысык-Көл 2017" деп аталган төртүнчү экономикалык форум 22-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан вице-премьер-министр Олег Панкратов, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, экономика министри Арзыбек Кожошев баштаган адамдар катышары айтылды.

Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Игорь Шувалов, Армениянын, Беларустун, Казакстандын расмий өкүлдөрү, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын (ЕЭК) төрагасы Тигран Саркисян келет. Анда Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташтык талкууланат.

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулганына быйыл туура эки жыл болду. (NT)

XS
SM
MD
LG