Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:21

Саакашвили Украинага кайтарын билдирди


Михаил Саакашвили
Михаил Саакашвили

Украин жарандыгынан ажыратылган мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвили кийинки айда Киевге кайтарын билдирди. Ал 16-августта Фейсбук барагында түз таратылган видео билдирүүсүндө 10-сентябрда Польшадан Краковец өткөрмө бекети аркылуу Украинага өтөрүн айтты.

Украинанын Одесса облусун бир жарым жылдай жетектеген Саакашвили 26-июлда АКШда жүргөндө украин жарандыгынан ажыратылган. Буга грузин саясатчысынын эки жыл мурда жарандык аларда жалган маалыматтарды көрсөткөнү себеп болду деп кабарланган. Саакашвили украин президенти Петро Порошенконун аны атуулдуктан ажыратуу чечими мыйзамсыз болгонун, өз укугу үчүн күрөшөрүн белгилеген.

2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабында" атагы чыгып, өлкөнү 2013-жылга чейин башкарган Саакашвили 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын алган болчу. Андан көп өтпөй Саакашвили грузин атуулдугунан да ажыратылган.

XS
SM
MD
LG