Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Ирак БУУну "ИМ" тобунун кылмыштарын иликтөөгө чакырды


Мосулдагы согушкерлер талкалаган байыркы "Ал-Нури" мечити.
Мосулдагы согушкерлер талкалаган байыркы "Ал-Нури" мечити.

Ирак бийлиги Бириккен Улуттар Уюмун "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун адамзатка каршы ыктымал кылмыштарына далил чогултууга жардам берүүгө чакырды. Ирактын премьер-министри Ибрахим ал-Жафаринин мындай мүнөздөгү кайрылуусу 16-августта жарыяланды.

Анда айтылгандай, өкмөттүк күчтөр жакында согушкерлерден бошотулган Мосул шаарында массалык киши өлтүрүү, сексуалдык кулчулук жана археологиялык мурастарды талкалоо сыяктуу кылмыштардын белгилерин табышкан.

Учурда эл аралык иликтөөнү баштоону максат кылган резолюция долбоорун даярдоого Британия жардам берип жатат. Ал долбоор БУУнун Коопсуздук кеңешинин кароосуна жөнөтүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG