Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Сауд Арабия Катардын зыяратчыларына чек арасын ачат


Сауд Арабия менен Катардын чек арасы
Сауд Арабия менен Катардын чек арасы

Сауд Арабия Катардын жылдык ажылык сапарга чыккан жарандарына чек арасын ачат. "Сауд пресс" расмий агенттиги кабарлагандай, катардык зыяратчылар чек арадагы Салва өткөрмө бекетинен уруксат кагазы жок эле өтөт. Ошондой эле сентябрдын башында сапарга чыгууну көздөгөн Катардын тургундары Сауд Арабиянын эки аэропорту аркылуу Мекке жана Медина шаарларына жете алышат.

Мындай кабар эки коңшунун тирешинен берки алгачкы жумшак билдирүү болуп калды. Июнь айында Сауд Арабия Катар менен чек арасын жапкан. Аны улай башка араб өлкөлөрү да расмий Доха менен дипломатиялык алакаларын үзгөн. Алар Катарды экстремисттик топторду колдойт деп айыпташкан.

Мындай айыптарды четке каккан расмий Доха өткөн айда катардык зыяратчылар тоскоолдукка туш болуп жатканын билдирип, Сауд Арабияны ажылык сапарды саясатташтырды деп күнөөлөгөн эле.

XS
SM
MD
LG