Бул тууралуу Milliyet басылмасы билдирди. Маалыматка караганда, Анталия шаардык полициясы жүргүзгөн рейдде, Манавгат, Сиде, Селимийе жана Кумкөй аймактарында чет өлкөлүк кыз-келиндерди сойкулукка зордогон деген шек менен жети түрк жараны кармалган.
Шектүүлөр Кыргызстандын алты жана Өзбекстандын беш жаранын сексуалдык кулчулукта кармаганы ачыкка чыкты. Тинтүү жүргүзүлгөн үйлөрдөн он төрт чөнтөк телефон, он эки СИМ-карта, эки банк карточкасы жана 12 миң лира, 230 евро акча табылган.
Чет өлкөлүк кыз-келиндер депортациялоо үчүн Анталиянын миграция департаментине жиберилген.
Расмий маалымат боюнча, Түркияда окуп-иштеп жүргөн 14 миң кыргызстандык бар. Бейрасмий иштегендердин саны миңдеп саналат. Анталия аймагында эле 6 миңден ашык кыргызстандык эмгек мигранттары бар экени айтылып жүрөт. (ElB)