Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Өзбекстан: өлкөдөн чыгуу визасы 2019-жылы жоюлат


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өзбекстанда өлкөдөн чыгуу визасы 2019-жылдын 1-январында жоюлат. Мындай жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койгонун Өзбекстандын мамлекеттик медиасы 16-августта кабарлады.

Жарлыкта жаңы эреже "бюрократиялык тоскоолдуктарды жана коррупцияны жокко чыгаруу үчүн" киргизилгени айтылат. Жарлыктын долбоору алгач январь айында өкмөттүн сайтында жарыяланган. Бирок анда бийлик сыртка чыгуу визасы дароо жоюлбай турганын билдирген.

Өзбекстан - совет доорунан мураска калган “экзит виза” тартибин азыркыга чейин сактап келе жатат. Ал визаны Өзбекстандын жарандары өлкөдөн чыгаар алдында алышы керек.

XS
SM
MD
LG