Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Орусия америкалык неонацисттик сайтты жапты


Шарлотсвиллдеги 12-августтагы нааразылык
Шарлотсвиллдеги 12-августтагы нааразылык

Америкалык белгилүү неонацисттик Daily Stormer веб-сайтынын Орусиядагы жаңы домени жабылды. "Роскомнадзор" мекемеси бул сайтта "экстремисттик мазмундагы" маалыматтар бар деген жүйө менен доменди тейлеген "Ру-центр" хостинг провайдерине кайрылган. Андан көп өтпөй "Ру-центр" Dailystormer.ru доменин жапканын кабарлады.

Бул аптада Google жана GoDaddy сыяктуу домен каттоочу компаниялар Daily Stormer тобунун дүйнөлүк доменин тейлөөдөн баш тарткан. Натыйжада Dailystormer.com сайты 15-августта жабылган эле.

Домен каттоочу компаниялардын мындай чечимине АКШнын Шарлотсвилл шаарындагы расизмге каршы акция маалында бир аял каза тапкандан кийин социалдык тармактардагы веб-сайтка каршы сын-пикирлер түрткү берген.

Daily Stormer дүйнөлүк доменин жоготкондон кийин, Орусияда жаңы домен сатып алып, интернетке кайтып келген болчу.

XS
SM
MD
LG