Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:09

Киев украин заводун Пхеньянга байланыштырган кабарды иликтейт


Президент Петро Порошенко "Южмаш" ишканасында, 2014-жыл.
Президент Петро Порошенко "Южмаш" ишканасында, 2014-жыл.

Украинанын президенти Петро Порошенко Түндүк Корея украин заводунан ракеталардын кыймылдаткычтарын алган деген маалыматты "тез арада иликтөөгө" буйрук берди. Ал 16-августта Фейсбук барагына жазгандай, иликтөөнү Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши жетектейт. Жыйынтыгы үч күн ичинде жарыяланат.

Апта башында америкалык "Нью-Йорк Таймс" басылмасы Лондондогу "Стратегиялык окуулар боюнча эл аралык институттун" изилдөөсүнө таянып, Түндүк Корея июль айында сынаган континенттер аралык ракеталарынын кыймылдаткычтарын Украинанын Днипро шаарындагы "Южмаш" заводунан алган болушу мүмкүн деп жазып чыккан.

Бул маалыматты украин бийлиги да, заводдун жетекчилиги да четке каккан.

XS
SM
MD
LG