Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

"Мемориал": түркмөнбашынын оң колу түрмөдө өлдү


Акмурат Режебовдун сейрек сүрөттөрүнүн бири
Акмурат Режебовдун сейрек сүрөттөрүнүн бири

Мурдагы түркмөн лидери Сапармурад Ниязовдун тушунда президенттин коопсуздук кызматын узак убакытка жетектеген Акмурат Режебов абакта каза болду. Бул тууралуу Москвадагы "Мемориал" укук коргоо борборунун Борбор Азия программасынын директору Виталий Пономарев кабарлап чыкты.

Маалыматка ылайык, Режебов 10-августта тромбоздон өлгөнүн бийлик өкүлдөрү анын жакындарына билдирген. Ошол эле күнү мурдагы генерал-лейтенанттын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилип, аны акыркы жайга узатуу зыйнаты 17-августта өткөн.

Режебов Сапармурад Ниязов 1985-жылы Түркмөн ССРинин лидери болгондон бери анын жансакчыларынын жетекчиси болуп иштеген. Ал түркмөнбашы 2006-жылы декабрда дүйнө салгандан кийин Гурбангулы Бердымухамедовду бийликке алып келүүдө негизги роль ойногону айтылып келет.

Бирок Бердымухамедов аны 2007-жылы кызматтан алып, андан көп өтпөй Режебов паракорчулук, кылмыштуу топторду түзүү сыяктуу беренелер менен 17 жылга түрмөгө кесилген.

Режебов канча жашта болгону тууралуу так маалымат жок.

XS
SM
MD
LG