Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:32

Шайлоо-2017: Текебаев тесттен өткөнү айтылууда


Тил комиссиясынын сайты
Тил комиссиясынын сайты

“Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн кыргыз тилинен тест тапшырганын айтып жатышат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна партия өкүлү Кайыргүл Урумканова билдирди.

Ал Текебаевдин адвокаты Искен Афиджановдун билдирүүсүнө таянып, “Кыргызтесттин” кызматкери бүгүн УКМКнын тергөө абагына келип, саат 14:00дөн 16.00гө чейин тил сынагын өткөргөнүн айтууда.

Мамлекеттик тил комиссиясы мындай маалымат жок экенин айтты. Бул мекеме тесттен өткөн ар бир талапкер боюнча кабарды ошол замат сайтына чыгарып келаткан. Азыр ал 16-августтан бери жаңыланбаган бойдон турат.

Борбордук шайлоо комиссиясы да мындай кабарды тастыктаган жок. Анын өкүлдөрү "андай болушу мүмкүн эмес" дешүүдө.

Текебаев президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн Боршайкомго биринчилерден болуп арызын жазган. Талапкер деген макам кыргыз тилинен тест тапшырып, 30 миңден кем эмес кол топтоп, 1 миллион сом күрөө койгондорго берилет.

Коррупция боюнча камалган Текебаев февраль айынан бери УКМКда камакта. Кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук соту ага өкүм чыгарып, 8 жылга эркинен ажыраткан. Боршайком ага тест тапшырууга шарт түзүп берүүдөн баш тартып койгон болчу. Талапкер болчулардын тест тапшыруусу 26-июлда башталып, 16-августта аяктаган. (RK)

XS
SM
MD
LG