Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Пакистан АКШнын Кашмир жикчилдерин террорчу атаганына нааразы


"Хизбул-Мужахидиндин" лидери Сайед Салахуддин.
"Хизбул-Мужахидиндин" лидери Сайед Салахуддин.

Пакистан АКШ бийлигинин Кашмирдеги "Хизбул-Мужахидин" жикчил уюмун террорчул топ деп тааныганын сынга алды. 16-августта АКШнын Мамлекеттик департаменти бул уюмду кара тизмеге киргизип, америка жарандарына аталган уюм менен кызматташууга тыюу салган. Ошондой эле АКШнын мыйзамдары иштеген аймактарда "Хизбул-Мужахидиндин" банк эсептерин жабуу чечимин чыгарган.

"АКШнын чечими бизди өкүндүрдү. Кашмирдин өз жолун өзү тандоо укугун колдогон адамдарды же топторду террорчу деп жарыялоо эч негизсиз",-деди Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Нафиз Закария бейшембиде Исламабадда өткөн маалымат жыйынында.

"Хизбул-Мужахидин" Индия менен Пакистан дээрлик 70 жылдан талашып келаткан Кашмир аймагындагы жоочулардын эң ири тобу. Июнь айында АКШ Индия премьер-министри Нарендра Модинин Вашингтонго сапарынын алдында бул топтун лидерин "глобалдык террорист" жарыялаган.

XS
SM
MD
LG