Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Шаардык сот Zanoza.kg боюнча эки чечимди күчүндө калтырды


Бишкек шаардык соту Zanoza.kg сайтына байланыштуу эки апелляциялык арызды карап, канааттандыруудан баш тартты.

Быйыл жазында Башкы прокуратура аталган интернет-басылмага чыккан макалалардын бири «президенттин ар-намысына шек келтирди" деп сотко кайрылып, июнь айында Октябрь райсоту сайттын ээлерин 3 миллион сомго, автор Нарын Айыпты 3 миллион сомго жыккан.

Ушундай эле негиз менен Башкы прокуратура укук коргоочу Чолпон Жакупова, Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүлөрү Дина Маслова менен Нарын Айып жана сайт боюнча өзүнчө арыз жазып, ал да сотто колдоо тапкан жана ар бири 3 миллион сомдон, жалпысынан 12 миллион төлөсүн деген чечим чыккан.

Буга макул болбогон айыпталуучу тарап шаардык сотко кайрылган.

Президенттин ар-намысына шек келтирди деген себеп менен Башкы прокуратура мындан тышкары дагы эки арыз жазган.

1-августтан тарта Zanoza.kg маалыматтык мультимедиа порталы kaktus.media деген аталыштагы маалыматтык-маанайшат сайты болуп чыга баштады.

24-июлда Ысык-Көлдө өткөн маалымат жыйында өлкө президенти Алмазбек Атамбаев Zanoza.kg сайтына карата берилген арыздар кайра алынбай турганын, муну менен айрым бир тараптуу гана жазган журналисттерге сабак берүү жагы каралганын, маселе сүйлөшүү жолу менен чечилбестигин билдирген.

Ал эми сотко берилген макалалардын авторлору жана өлкөдөгү укук коргоочу бейөкмөт уюмдар жана айдыңдар Zanoza.kg сайтына жана өз оюн эркин билдирген калемгерлерге карата айыптоолордун баарын негизсиз деп четке кагып, бул доолор жана сот жүрүмдөрү - элдик кош ыңкылаптан кийинки Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөөнүн жаңы далаалаты болуп саналат деген пикирлерин билдирүүдө. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG