Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:39

Индиянын Чандигарх шаарында зордуктоого кабылган 10 жашар кыз 17-августта кесарево жолу менен салмагы 2,5 килограммдык кыз төрөдү. Бийлик өкүлдөрү эне-баланын саламаттыгы дурус экенин билдиришти.

Өлкөнүн Жогорку Соту бул кызга бойдон алдырууга уруксат бербей койгон. Кыз көз жарып жатканын билген эмес. Ага ичеги-карындагы маселеден улам операция болоору айтылган.

Өспүрүм кыз ичи ооруганына даттанып, өткөн айда ооруканага жеткирилгенде кош бойлуу экени аныкталган. Кызды зордуктады деп жакын тууганы камакка алынганы кабарланган.

Кыздын ата-энеси 35-аптада төрөлгөн ымыркайды багуудан баш тартышып, аны асыроого берүүгө макул болушту.

Индиянын соттору бойдон алдыруу мөөнөтү өтүп кетти деген жүйө менен бул практикага уруксат берген эмес.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG