Бишкек шаары өзүнүн жеке брендин ойлоп табууга белсенди. Бул маселе кечээ вице-мэр Айгүл Рыскулова ак илбирсти сактап калууга арналып жакында өтө турган эл аралык конференцияга даярдык боюнча уюштурган жыйында айтылды.
Ага катышкан эл аралык эксперттер бул жаатта кеп-кеңешин бермей болушту.
Рыскулова блгилегендей, бирдиктүү бренд менен чыгарылган түрдүү товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана жарнама шаарды башкаларга таанытып, туристтерди, кошумча каржы жана инвестицияларды тартууга өбөлгө болот. (RK)