Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:05

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов (мурдагы Тынчтык) проспекти менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн эртең менен саат 6.40 чамасында болгон жол кырсыгы эки кишинин өмүрүн алды.

Шаардык ички иштер башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, жол кырсыгында беш автоунаа кагылышкан. Алдын-ала маалыматтарга караганда, Айтматов проспекти менен бараткан Toyota Windom үлгүсүндөгү автоунаа жол чыракта токтоп турган Mazda машинесин сүзгөн. Соккудан Mazda каршы тилкеге чыгып кетип, башка автоунаалар менен кагылышкан, натыйжада айдоочуну кошкондо анын ичиндеги эки адам каза тапкан.

Жараат алгандардын саны тууралуу маалымат бериле элек. Toyota Windom​ үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу кармалды. Кырсыктын себептери такталууда.

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери жол кырсыктарынан 300дөн ашык адамдын өмүрү кыйылды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG