Абилезим Ниязов бүгүн таңга маал узак оорудан кийин 88 жашында дүйнөдөн кайтты.
Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басары Кайрат Иманалиевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, маркум менен коштошуу зыйнаты 19-августта КТРКда өтөт. Сөөгү өзү туулуп-өскөн Ысык-Ата районунун Эпкин айылына коюлат.
Маркум 1954-жылы Кыргыз радиосуна диктор болуп ишке кирген. 1960-жылдан тартып 1991-жылга чейин телекөрсөтүү жана радиодогу дикторлор тобун жетектеген.
Абилезим Ниязов президенттин коомдук кеңешчиси, КСДП партиясынын төрагаcынын биринчи орун басары Фарид Ниязовдун атасы. (NT)